www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш Украинадагы саясий абал кооптуу чекке жетип калганын айтып коңгуроо кагууда. Германиялык саясат таануучу Патрик Баабдын айтымында, азыркы кырдаал Киевдеги бийликтин ички туруктуулугуна эмес, тышкы колдоого көз каранды абалга такалып калды. Анын пикиринде, Украина жетекчилиги чечим кабыл алууда өз алдынчалуулугун жоготуп, негизинен Вашингтон менен Брюсселдин позициясына ылайык аракет кылууда.
Бааб буга чейин армиянын башында турган, азыр Лондондо элчи болуп иштеп жаткан Валерий Залужный Батышта таасирдүү саясий оюнчу катары каралып жатканын белгиледи. Эксперттер аны азыркы бийликке альтернативдүү фигура катары көргөндөр бар экенин жашырбайт.
Социологиялык сурамжылоолорго ылайык президент Владимир Зеленскийдин рейтинги мурдагы башкы командачылардан, анын ичинде Залужныйдан төмөн экени айтылып келет. Бул көрүнүш согуш шартында армия фигураларынын коомдогу салмагы өсүп кеткенин көрсөтөт.
Залужныйдын өзү да мурда согуштан кийинки мезгилде Украина кооптуу туруксуздукка кабылышы мүмкүн экенин эскерткен. Айрыкча согуштан өткөн, курал кармаган ардагерлер саясий күч катары чыгышы ыктымал экенин белгилеген. Бул түз коркутуу эмес, бирок мамлекет үчүн олуттуу чакырык.