www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун 5-февралдагы жарлыгына ылайык, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри Азат Салмурбек уулу ээлеген кызматынан бошотулду.
Азат Салмурбек уулу Кара-Балта шаарынын мэрлигине 2025-жылы октябрда дайындалган. Ага чейин Токмок шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген.
Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Кара-Балта шаарынын мэри болуп Алмаз Исаков дайындалды.
Исаков буга чейин Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектеп турган.