www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талантбек Батыралиев Өкмөттүк "Кыргыз Туусу" гезитин ал тууралуу кол алдында иштеген медиктер анын иши боюнча пикирлерин жазганына карата сотко берген. Ошол эле маалда ал Кайрылууну жазган ак халатчандарды да сотко берип жатат. врачтар министрди компетенттүүлүгү жоктугун айтышып, мыйзамды бузуп жаткандыгы кайрылууда нааразычылыктарын белгилешкен. Эми врачтардын көпчүлүгү корккондуктанбы айтор, кайрылуудагы сөздөрүн кайра артка алып жаткан кези. Кайрылуу 1 декабрда «Кыргыз Туусу»  гезитине жарыяланган. Материал гезиттин бүткүл эки бетин камтыган. Кайрылууда бир дагы сүрөт жок болучужана 26 медициналык кызматкерлердин аты жазылган.  Кайрылуу Күч органдарына жана Мамлекет башчысына карата жасалган кайрылуу болгон. Кайрылуунун авторлору министр келгенден тартып Саламаттык сактоодо катастрофалык кырдаал жаралгандыгын жана мындай учур бир да жолу болбогондугун, ак халатчандар мынчалык деңгээлде аброю түшпөгөндүгүн, ошондой эле алдамчылык боюнча бир да министр мынчалык өзүн төмөн түшпөндүгүн айтышкан.

Ал эми Баттыралиев өзү аталган гезитти сотко 10 январда гана берген. Ал эми ММКвлар ал тууралуу 19 январда гана маалымат тарата башташкан. Бул иш боюнча Биринчи Май райондук соту аталган гезитке граждандык иш ачып, гезитти абройго шек келтирүү боюнча күнөөлөмөкчү болууда. Министр болсо гезиттен 500 миң сомго моралдык компенсация төлөөсүн талап кылып жатат жана гезитте "жарыкка чыккан материал боюнча ал кайрылуу чындыкка жатпайт" -деп айтууда. Чындыгында кайрылуудагы сөздөр бир дагы фактысы жок жазылган.

Ошондой эле, министр аталган кайрылууну жазган авторлордон минимум 100 миң сомго айып пул төлөп беришин талап кылууда.

«Мен өзүмө айтылган сын-пикирди кабыл алам, бирок, такталбаган, менин аброюума шек келтирген, жалган маалымат боюнча ошол мен тууралуу айтып жаткандар жоопко тартылышсын. Менин чыдамым жок калды. Алардын көпчүлүгү азыркы учурда кайра сөздөрүнөн адашып калгандарын айтышууда жана жазып бергенге да даяр. Бул жагдай менен учурда юристтер иштеп жатышат" - дейт министр мырза. Учурда 15 адам жазган кайрылуу боюнча андагы жазылган маалыматка каршы экендигин билдиришти - дейт министрликтин пресс-борборунун консультанты Елена Баялинова. Анын айтымында, Батыралиев менен кайра кайрылууну жазгандар аны менен тил табышкысы келет.

Сот  26 февральда белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости