www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш дипломаттары Ослодогу сүйлөшүүлөрдө Ооганстанга гуманитардык жардам берүү маселеси өлкөдөгү адам укуктарынын абалына байланыштырыларын эскертишти. Талибдердин 15 кишиден турган делегациясы согушкер кыймыл Кабулдагы бийликти басып алгандан бери алгачкы жолу 23-январда Европага расмий сапарга барган.

Норвегиянын Мамлекеттик катчысы Хенрик Тюн шейшембидеги жолугушуунун алдында жергиликтүү NTB маалымат агенттигине берген интервьюсунда Батыш дипломаттары "Талибан" өкүлдөрүнө "олуттуу талаптарды" кое турганын билдирген.

Ошол эле маалда Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуитфелдт бул сапар "Талибанды" таанууга же легитимдештирүүгө жатпасын 21-январда баса белгилеген.

Талибдер бийликке кайтып келгенден бери өлкөдөгү гуманитардык абал күн санап начарлап жатат. Эл аралык жардам берүү жараяны токтоп турат. “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) Ослодогу сүйлөшүүлөрдө финансылык жардам, алардын бийлигин таанууну сурайт деп күтүлгөн. Бир да өлкө Ооганстандын жаңы башкаруучуларын тааный элек. Укук коргоочулар талибдерди көптөгөн мыйзам бузуулар, өзгөчө аялдардын билим алуусуна, иштөөсүнө, саясий, социалдык турмушка катышуусуна тыюу салууну, азчылыктардын укуктарынын бузулушун сындап келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости