www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азиядагы ири аварияга Казакстан күнөөлүүбү?

Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы электр жарыгынын өчүшүнө кытайлык жана орусиялык криптовалюта өндүрүүчүлөр себепчи болушу мүмкүн. Бул тууралуу экономика илимдеринин кандидаты, каржы боюнча аналитик Михаил Беляев билдирди.

Орусиялык экономисттин айтымында, энергосистеманы жарактан чыгаруу үчүн адаттан тыш бир нерсе болушу керек. Себеби олуттуу чыңалуу жашоо-тиричиликтен улам, мисалы, баары бир убакта электрчайнектерин күйгүзгөндө боло калбайт. Ошондой эле өнөр-жай ишканаларынын иштөөсүнөн да болушу мүмкүн эмес.

«Кытайда криптовалюта өндүрүүгө тыюу салынганда, майнерлер (криптовалюта өндүрүүчүлөр) Казакстанга көчүп кетишкен. А криптовалюта өндүрүү үчүн эбегейсиз көп электр энергия керек. Болжол менен 2 күн мурда Казакстан криптовалюта өндүрүүдөн улам электр энергиясына муктаж болуп жатканын жазышкан. Орусиянын Борбордук банкы дагы криптовалюта өндүрүүгө тыюу саларын жарыялагандан кийин орусиялык майнерлер да Казакстанга көчүп кетип, ошондуктан Казакстандын энергосистемасына күч келген болушу мүмкүн», - деди Беляев.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да майнерлер февраль айына чейин электр энергиясынан өчүрүлгөнүн жазышты. Анын себеби — энергосистемадагы туруктуулукту камсыздоодо көйгөй жаралган.

Бирок Казакстандын электр тармактарын башкарган компания («KEGOC») кечээ, 25-январдагы энергетикалык коллапс майнерлердин кесепетинен болду деген божомолду четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости