www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районунун борбордук "Ак-Тайлак ата" мечитинде райондун айыл аймактарынан келген 420 үй-бүлөгө Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыктары таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияты тарабынан демилгеленип, "Икомут-Татвиир" фондунун колдоосунда ишке ашырылды. Анда муктаждарга ун, кум шекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүч таратылды.

Айта кетсек, 420 үй-бүлөгө таратылган ар бир баштыкча 1342 сомду түзсө, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 563 миң 640 сом болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости