www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-апрелде Финляндиянын Вантаа шаарындагы мектепте ок атылып, үч окуучу жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн полициясына шилтеме кылып кабарлады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ок 800гө жакын окуучу билим алган жана 90го чукул адам иштеген Виертол мектебинде атылган.

Полиция шектүү кармалганын, ал 13 жашта экенин билдирди. "Би-Би-Си" жаракат алып, ооруканага жеткирилген окуучулар да 13 жашта экенин жазды.

Мектептин директору учурда эч кандай коркунуч жок экенин айтып, окуя боюнча башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Вантаа – чоңдугу боюнча Финляндиянын төртүнчү шаары болуп эсептелет. Калаада 240 миңге жакын киши жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости