www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районунда эки жаштагы бөбөк унаанын алдында калып көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, окуя 11-август күнү саат 19:00дөр чамасында болгон. Анда Базар-Коргон районунун Аук айылында Э.Ш. аттуу 25 жаштагы жигит Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын жууп, жылдырып жаткан учурда бир тууган агасынын эки жаштагы Х.А. аттуу кызы дөңгөлөккө кыпчылып калган.

"Бөбөк Базар-Коргон райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок эртеси, 12-августта, өзүнө келбей эки жашар кыз чарчап калган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча көз жумган кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан баш тартканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости