www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери кызмат адамына пара берүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүдө турган материал боюнча кылмыш жоопкерчилигинен кутулууну көздөгөн жаран С.И. тергөө бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш ишин козгоодон баш тартып берүүнү суранып, бир нече жолу сый акы катары параны кабыл алууну сунуштап, мыйзамсыз таасир этүүгө аракет жасагандыгы аныкталган.

Возможно, это изображение текст "ሞሜም ያብኝ FO CBP MBA KP"

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (пара берүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон РИИБдин Тергөө кызматынын кызматтык бөлмөсүндө 1973-жылы туулган жаран С.И. пара катары 100 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.

Последние новости