www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук багыттагы кыргыз-европа кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде визалык саясат жаатындагы диалогду өнүктүрүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле санариптештирүү жана миграциялык процесстерди башкаруунун заманбап инструменттерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу байланыштарды улантууга жана Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырысташты.

Последние новости