www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы жыл аягына чейин Кубадагы азыркы бийликти алмаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Венесуэладагы саясий окуялардан кийин дем-күч алган АКШ Куба өкмөтүнө жакын адамдарды издеп, алар аркылуу коммунисттик режимди кулатуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. АКШ бийлиги мындай өзгөрүү ушул жылдын аягына чейин ишке ашышы мүмкүн деп эсептейт.

Январь айынын башында АКШнын Мамлекеттик департаменти Батыш жарым шарды Вашингтондун өзгөчө кызыкчылык аймагы деп жарыялаган. Мындан тышкары, Трамп буга чейин Монро доктринасын эске салып, Америка континенти башка державалардын кийлигишүүсүнө жабык болушу керек экенин билдирген.

Венесуэладагы аскердик операциядан кийин Ак үйдүн башчысы Кубанын жетекчилигине түз коркутууларды айта баштаган. Анын ичинде Куба мындан ары Венесуэладан коопсуздук кызматтары үчүн компенсация катары мунай ала албай каларын белгилеген. Кыскасы, Венесуэладагы окуялардан кийин Вашингтон Латын Америкасында социалисттик бийликтерди алсыратуу саясатын активдүү уланта баштады.

Последние новости