www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлүп, ижара акы төмөндөй баштады. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Бишкектеги “Мадина” базарынын администрациясы ижаранын баасын 30% арзандаткан.

Ошондой эле Токмок шаарынын базарларында ижара 30% арзандаган. Анын ичинде Токмок шаарындагы “Токмок булак” ишканасына таандык базар, мал базары, “Ак-Кеме Рахман” кийим базары, “Токмок” соода-базар комплексиндеги 23 соода контейнер, кичи дүң базар бар. “Кант” базарынын жетекчиси калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) соода жайларын бекер бермей болгонун билдирди.

Мындан тышкары Кара-Балтадагы “Береке”, “Жайыл базары”, Ак-Суу айылындагы “Ярмарка”, “Айдар” базарлары жана Сокулук районундагы бир катар кичи базарлар ижаранын баасын 30% төмөндөткөн. Жайылдагы унаа тетиктери базарынын ээси ижараны 35%, Кемин районунун кичи базарларында 20% арзандаган.

Чүй облусунда жалпы 38 базар бар, алардын көбү чакан соода жайлары. Базарлар "ижара акыны арзандатуудан тышкары соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, көзөмөл-кассалык машинелерди акысыз бермей болгон". Акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы ижараны арзандатканын жарыялаган.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө сая сий эрк жетиштүү" деп билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости