www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Орусиянын аскердик өндүрүшүн керектүү жабдыктар менен камсыз кылганы үчүн бир нече өлкөдөгү 150дөн ашуун адамга жана компанияга жаңы санкциясын жарыялады. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Орусияга салынган санкцияларды буйтап өттү деп алардын арасында Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коом бар.
Расмий билдирүүдө кыргызстандык бул компания Орусиянын технология тармагында иш алып барганы үчүн санкциялык тизмеге туш болгону, бул ишкана чет элдик кардарларга дароо колдонууга жарамдуу жабдыктарды жөнөтүү, логистика жана бажы документтерин даярдоо сыяктуу кызматтарды сунуштаганы белгиленген.
Кыргызстандын Юстиция министрлигинин реестри көрсөткөндөй, бул компания 2022-жылдын 24-августунда Бишкекте түзүлгөн. Расмий сайтында компания генераторлордон тарта электроника жабдыктарына чейинки товарлардын соодасы менен алектенери, логистика багытында иш алып барары жазылган. Кошмо Штаттар буга чейин да кыргызстандык беш компанияга Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негизде санкция салган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg