www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндүн суукташы менен Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу кескин жогорулап, ушул күндөрү суткалык керектөө 66 млн кВт/саатка жетти. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, былтыр так ушул күндөрү кыргызстандыктар суткасына 62 млн кВт/саат электр энергиясын керектеп турган болчу.

Керектөө жылдан-жылга 6-7%га чейин өсүп жатат, соңку кескин секирикти суукта электромештер, кондиционерлер жана башка жабдуулар көбүрөөк колдонулуп жатышы менен түшүндүрсө болот. Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясын суткалык керектөө 50-55 млн кВт/саат болуп жатканын маалымдаган. Кыргызстанда соңку эки-үч күндөн бери күн сууктап, кар жаады. "Кыргызгидромет" борбору абанын температурасы мындан ары төмөндөй турганын эскертти. Өлкөдө керектөө өскөнү менен гидро электр станциялардын жана жылуулук электр борборлорунун кубаттуулугу көтөрүлө элек. Мындан улам өндүрүш жогорулаган керектөөнү жаба албай келет.

2021-жылы 15,1 млрд кВт/саат электр тогу өндүрүлсө, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түзгөн. Быйыл өндүрүш 14 млрд кВт/саат деп пландалса, 12 айдагы керектөө 17,4 млрд кВт/саат болот деп болжолдонгон. Тартыштык импорт менен жабылууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости