www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катуу сууктан улам мектептер онлайн окутууга өтүп жаткандыгы тууралуу эмнеге кеч эскертилгенин түшүндүрдү.«Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, онлайн окутууга өтүү тууралуу министрликтин буйругу кеч кабыл алынган. Себеби министрликке катуу суук тууралуу маалымат кеч түшкөн.
«Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен ушундай чечим кабыл алдык. Жолдогу тыгындар, мектепке жетүү оор болгону эске алынды. Бул чечимди министрлик өзү гана кабыл ала албайт. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланышабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайсы учурда окутууну онлайнга өткөрсө болору тууралуу кабарлайт. Андан кийин чечим кабыл алынат» , — деди министр.
Кыргызгидромет борбору өлкө аймактарында 13-14-декабрда катуу суук болорун буга чейин эскерткен. Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн гана мектептер ушул эки күн онлайн окутууга өткөнүн билдирди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg