www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурболот Үсөнбаев:

Коронавируска каршы вакцина элге жеткиликтүү болушу үчүн ар кайсы булактар караштырылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  билдирди.

Анын айтымында, эмдөө пандемияга каршы күрөштө — олуттуу иш-чара. Учурда вакцина тандоо процесси жүрүп жатат.

COVAX программасынын алкагында калктын 20%ын эмдөө боюнча макулдашуулар жүрүүдө. 2 млн 400 миң доза вакцина алынып келинет. 1 млн 200 миң адам эмдөөдөн өтөт.

Алгач Кытайдан 150 миң доза вакцина алынат.

«COVAX сунуштаган препараттардан тандап, ылайыктуусун алып келип, элге эмдөө жүргүзөбүз. Пандемиянын шарттарын карап көрүп, дагы 1 млн жаран эмдөөдөн өтүшү керек. Андыктан дагы 2 млн доза вакцинанын башка булактарын караштырып жатабыз. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алуу, гуманитардык жардам катары да келип жатат. Эл аралык өнөктөштөр тарабынан да сунуштар түшүүдө, эгерде муктаждык болсо, алардын каражатын пайдалана алабыз», — дейт Үсөнбав.

Ал вакциналар качан келери тууралуу так маалымат айткан жок. Эмдөө учурунда дүйнөдө болуп жаткан окуялар, маалыматтар эске алынарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости