www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечим ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды дифференттүү колдонуунун зарылдыгы аныкталбаган Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Мындан улам "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын 103-беренесине, "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык, бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча тиешелүү чаралар аныкталды:

"Жашыл коридор" – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;

"Сары коридор" – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;

"Кызыл коридор" – "бажылык жана башка документтерди, (же) маалыматты текшерүү" жана "ажылык текшерүү" бажы контролунун формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.

"Жашыл коридор" боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгилениши шарт. Буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте "жашыл коридордон" башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.

Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталгандан тартып товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды.

Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда катталса, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.

Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости