www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Эл ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрүн камакка алды.

Соттун басма сөз кызматы 29-ноябрда билдиргендей, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев, Н.Сатынбеков жана К.Сатар уулу 2022-жылдын 26-январына чейин СИЗО-1ге киргизилди. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов менен «Эл ынтымагы» кыймылынын дагы бир мүчөсү Аскат Темиралиев тергөө абагына камалды.

Алардын баары бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелүүдө.

Буга чейин атайын кызмат парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар тобу тууралуу маалымат тараткан. УКМК шектүүлөрдүн арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы чиновниктер жана депутаттыкка талапкерлер бар экенин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости