www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу менен аларды каттоо боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схема аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Мекеменин берген билдирүүсүнө караганда, бул иш боюнча 113 материал табылып Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Унааларды мыйзамсыз ташып келүүдөн мамлекеттин бюджети 258 млн. 544 миң сом зыян тарткан.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасалма декларациянын негизинде жок эле адамдарга, түрмөдө отурган кишилерге машинени мыйзамсыз каттаган фактылар бар. Бул фактылар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) өткөрүлүп берилди.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин ЕАЭБ аймагына транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташуу жана андан ары аларды легалдаштыруу боюнча эл аралык кылмыштуу схемасы уюштурулган.
Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөрдөн транспорттук каражаттарды сатып алып, алардын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөсүнө интернет аркылуу жөнөтүшкөн.
Өз кезегинде алар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин Транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө жасалма күбөлүгүн жана башка документтерди даярдашкан. Андан кийин документтер Кыргыз Республикасына жөнөтүлүп, жасалма документтердин негизинде (транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө өткөрбөстөн жана аларга иш жүзүндө кароо жүргүзбөстөн) мамлекеттик каттоо органдын айрым кызмат адамдарынын катышуусу менен алгачкы каттоо жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоо номери жана КР Каттоо жөнүндө күбөлүгү алынчу.
Андан ары мамлекеттик номер жана Каттоо жөнүндө күбөлүк үчүнчү өлкөлөрдө турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлүп, КР мамлекеттик номери жана каттоо күбөлүгү бар транспорттук каражаттар ЕАЭБдин товары катары ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүп турган", - деп билдирет Бажы кызматы.
Булак: NazarNews.kg