www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБтин бажы аймагынан мыйзамсыз чыгарылып бараткан наркы 5 миллион сомго чукул товар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына/аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда “А. уулу А” аттуу КРнын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда декларацияланбаган жалпы салмагы 12198,8 кг. болгон турмуш-тиричилик техникаларынын түрлөрү, ич кийимдер жана тамак аш продукциялары табылган.

Белгилей кетсек, кармалган товардын жалпы наркы 4740358 сомду түзөт.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости