www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүбүздүн артыбызды чукулагандан ырахат алган элбиз. Чукуган сайын "ах" деп жыргап, кайра-кайра чукулап... Кечээ, орус падышасы В.Путин онлайн кеңешмеде Садыр Жапаров сүйлөп бүткөндөн кийин ага кайрылып, "...маалыматыңызга рахмат, урматтуу президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр..."-деп айтты. Бул тууралуу Дайыр Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 

Аны карап тургандар, алаканды тарс чаап "ох ата, атын билбейт турбайбы" деп жазып жатышат. Өнүккөн Америкада деле көп атынан айта бербейт, "мистер президент" эле деп коёт. Мындан мурда Путин менен Сооронбай Шариповичтин жолугушуу учурунда кулагы дүлөйлөр "шариман деп айтты" деп канча бурмалап, ошондон ырахат алып жүрдү. Башчыларды сыйламайын- бизге ырыскы, кут береке келбейт. Мазактоо, шылдыңдоо, ажылдоо бул баатырдык эмес, демократиялык баалуулук эмес - бул адепсиздик, - деди Дайырбек Орунбеков. 

Эске сала кетсек, РФ президенти менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости