www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматы: Новиковдун сыны бизге багытталган эмес

Мамлекеттик бажы кызматы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун бажы кызматкерлерин сындаганы тууралуу видео жөнүндө түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 28-ноябрында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында “Чалдовар” бекетин карап чыгып, “Жыйынтыктоочу пост” бирдиктүү маалымат системасын түзүү зарылчылыгын белгилеп кетти.

Премьер-министрдин болгон жумушчу сапарынан кийин 2020-жылы 30-ноябрда саат 09:45те “Вечерний Бишкек” маалымат сайтында “Новиков бажыга жабдыктарды көрүүгө келсе, ал жок экен (видео)” аттуу макала жарыяланган. Андан кийин ушундай маалымат башка интернет басылмаларында да чыгып, социалдык тармактарда жайылып кетти.

Аталган материал боюнча Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкүлөрдү билдирет: "2015-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.08.2015-жылдын №385-р буйругу менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы контролу алынып салынган, анын ичинде “Чалдовар - автожолу” контролдук-өткөрүү пунктунда да алынган. Ушундан улам айтылган сын-пикир Мамлекеттик бажы кызматына эмес, башка контролдоочу органдарга карата багытталган".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости