www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик бажы кызматы 10,7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган.

Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 111,4%га аткарылды же 1,1 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 2,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 132,5%ды түздү.

2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 73,4 млрд сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 9 айында бажы кызматы 79,4 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 108,2%га аткарылды же 6 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу түшүүлөр 26,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 150,2%ды түздү.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2022-жылдын 12 айына караганда көбүрөөк чогулткан (2022-жылы 74,3 млрд сом чогултулган).

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости