www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16 жаштагы ирандык Армита Гераванд моралдык полиция аны ислам дресс-кодуна баш ийбегени үчүн Тегерандагы метро станциясында кармап кеткенден кийин алган оор жаракатынан улам комага түшкөн.

Көз карандысыз Hengaw укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, метродогу окуя 3-октябрда болгон.

Бийлик өкүлдөрү аны платформадан токтотуп, башын жабууну талап кылышкан. Кыз баш тартканда, алар ага орой күч колдонуп, натыйжада аны жакын жердеги аскер госпиталына алып кетишкен.

Бийлик өкүлдөрү полиция кызматкерлери жаракат кылган деген версияны четке кагууда, бирок Hengaw активисттери дал ушул версияны карманышууда.

Reuters агенттигинин маалыматында, видеокөзөмөл камераларынан Армитанын эки досунун коштоосунда келе жаткан поездди көздөй басып баратканы көрүнүп турат. Полиция кызматкерлери менен болгон окуя алар вагонго кирээр алдында болгон.

Укук коргоочулар эс-учун жоготкон кыздын ооруканада жаткан сүрөтүн жарыялашты.

"Биз бул ишти кылдаттык менен байкап жатабыз, кыз реанимацияда комада жатат, анын жакындары ооруканада жарандык кийимчен адамдар көп экенин айтышууда", - деген атын атагысы келбеген ирандык активист Reuters агенттигине.

Дагы бир активист бийлик кыздын ата-энесине анын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялоого жана укук коргоочулар менен байланышууга тыюу салганын айтты.

Армита Гераванддын иши 2022-жылы 22 жаштагы Махса Амини ушул сыяктуу жагдайларда моралдык полициянын колунан каза тапкандай, чоң коомдук нааразылыкты жаратышы мүмкүн.

Махса былтыр сентябрда Тегерандын көчөлөрүндө жоолугу башынын артына түшүп кеткендиктен кармалган.

Аны полиция бөлүмүнө алып барышып, сабап салышкан, ал комага түшүп, ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза болгон.

Анын өлүмү кеңири нааразылыктарды жараткан. Аялдар акыркы сапарга узатуу зыйнатында хиджабын чечип салышкан. Окуучу кыздар мектепке жоолугу жок келе башташкан.

Өлкөдөгү диний үстөмдүккө нааразы болгон миңдеген ирандыктар, анын ичинде эркектер Тегерандын гана эмес, башка шаарлардын көчөлөрүндө нааразычылыкка чыгышкан.

Нааразылык акциялары бир нече айга созулган. Орто эсеп боюнча, полиция менен кагылышууларда беш жүздөн ашуун адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости