www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматы суммасы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык жүктү аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Түндүк” темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте “Аламедин” БТЖнын станциясында Кытайдан “А.Р.” ЖЧКнын дарегине келген контейнерден спорттук буюмдар табылган.

Жүк бажылык тариздөөдөн өткөн эмес. Алдын ала эсептөө боюнча төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн55 885 сомду түздү.

Аталган факт КЖБР АМС МЭЖге катталган, материалдар КР мыйзамдарынд ылайык кароо үчүн Башкы прокуратурага берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости