www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-февраль, Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, милициянын генарал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында болуп өттү.

Генарал Молдомуса Конгантиевтин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. 

Өмүрүндө бир гана жолу жолукканын айткан Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Молдомуса Конгантиев жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып, эскерди: 

«Жубайына куран окутканы барганмын. Өмүрүбүздө биринчи жолу кол алышып, учурашып жатсак да аябай кубанып, жылуу тосуп алган.

Бул адам күчтүү профессионал жана кыргыз милициясына эң мыкты шарт түзүп берген министр болду. Эмне болсо да өз принцибинен тайбаган, чынчыл, кыраан милиция кызматкеринин өңүндөй калды. Кыргыздын мыкты адамдары кеткен сайын жүрөгүң эңшерилет. Анткени, элдин сапаты адамдардын деңгээлине жараша болот. Бүгүн келип топурак салдык, өлүмдөн эч ким кутулбайт экен. Качсаң да, буйтасаң да, бекинсең да табат экен. Акыретти ойлоп жашайлы!

Мен канча милиция кызматкерлери менен сүйлөштүм. Кээ бир жетекчилер жөнүндө бирөө жакшы айтат, бирөө жаман айтат. 
Бирок Молдомуса Конгантиев жөнүндө бир да милиция кызматкери жаман айтканын уккан жокмун. Деги эле кызматы жок болсо да чаң жугузбай, сыйлап турган милиция кызматкерлерин көрдүм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости