www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы жыйноо планын жыл аягына чейин аткара албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин бөлүм башчысы Самат Исабеков билдирди.
Анын айтымында, тогуз айда 57 миллиард сом чогултулган. «План боюнча 98,5 млрд сом чогултушубуз керек. Бирок биз кыла албайбыз», - деди ал.
Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бажыдан түшпөй калган каражаттар салыктык эмес кирешелердин эсебинен жабыларын кошумчалады.
«Бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомду түзөт. Жылдын аягында көбөйүшү мүмкүн деген коркунуч бар. Салыктык эмес төлөмдөрдү алуу жана баалуу кагаздарды чыгаруу менен жаап салабыз», - деди ал.
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов план аткарылып, 111,7 млрд сом чогултулганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg