www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва келишимдин тараптары, анын ичинде Украина дан келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгынын жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Алексей Ерхов билдирди.
«Дан келишиминин Украинага тиешелүү бөлүгүн ишке ашыруу жакшы көрүнөт - 8,5 миллион тонна эгин Украинанын портторунан чыгып кетти. Орусиядан экспортко келсек, азырынча олуттуу өзгөрүү жок. Албетте, биз эл аралык рынокко бир катар продукцияларды чыгарып жатабыз, анын ичинде Түркия бизден данды салттуу түрдө көп сатып алат. Бирок жеткирүүлөрдү жеңилдетүү боюнча бизге берилген убадалар аткарылганын көрбөй жатабыз», - деди дипломат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин элчиси ошондой эле Москва Батыш киргизген санкциялардан улам экспорттук товарлар үчүн төлөмдөрдү ала албасын белгиледи.
Эске салсак, 30-октябрдын кечинде Киев, Анкара жана БУУ дан келишиминин алкагында 31-октябрда Кара деңизде 14 кеменин кыймылынын планын макулдашты. Тараптар Москванын катышуусуз 31-октябрда гуманитардык коридор аркылуу 14 кеме өтөөрүн макулдашкан.
29-октябрда Кара деңиз флотунун кемелерине учкучсуз учактардын чабуулунан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги дан келишими токтотулганын жарыялады. Аталган агенттик чабуулга Улуу Британиянын тиешеси бар деп айыптап, аны теракт деп атаган. Кол салган кемелердин дан коридорунун коопсуздугун камсыз кылганы баса белгиленди.
Булак: NazarNews.kg