www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиардер Илон Маск ушул жумада сатып алган Twitter компаниясынын кызматкерлеринин санын кыскартууну чечти. Бул тууралуу The New York Times компаниянын кызматкерлерине шилтеме берип жазды.

Басылмага маалымат бергендердин айтымында, айрым менеджерлерден жумуштан кетире турган кызматкерлердин тизмесин сурашкан. Учурда компанияда штатта 7,5 миң киши иштейт, анын канчасы иштен алынары белгисиз.

Газетанын билдиришинче, Twitter кызматкерлери 1-ноябрга чейин жумуштан кетиши керек. Бул күнү алар компаниянын акциясы катары грант алышчу. Ушундай жол менен Илон Маск аларга гранттарды төлөбөй коюшу мүмкүн экени айтылат.

Буга чейин Маск Twitter компаниясынын чыгымдарын кыскартуу керектигин билдирген.

Бизнесмен компанияны расмий түрдө 28-октябрдан тарта жетектей баштап, ошол эле күнү мурдагы жетекчиликти иштен кетирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости