www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. опузалып пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, «Кызыл-Кыя автожолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан, аталган аймакта иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу боюнча системалуу түрдө уюшулган коррупциялык схема аныкталды.
Мындан улам, ушул жылдын 9-майында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын бажы кызматынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg