www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйдүргү жуктурган адам аныкталды

Илдет мал этинен жукканы божомолдонууда. Башка дагы ооруну жуктургандар бар-жогу белгисиз.

Жалал-Абаддан келген аялдан 9-май күнү күйдүргү аныкталды. Маалыматты Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова тастыктады.

Маалыматка ылайык, илдет мал этинен жукканы божомолдонууда.

"Айылдардын биринде мал союлуп, эти таратылган. Этти алгандан кийин бейтаптын колу шишип, ыйлакчалар пайда болгон. 9-май күнү ал Бишкектеги ооруканага кайрылып, медиктер күйдүргү деген диагноз койду", — деди ал.

Азырынча башка дагы ооруну жуктургандар бар-жогу белгисиз.

Күйдүргү — жер кыртышында узак жылдар бою сакталып, адамдарга жана жаныбарларга коркунуч алып келген бактериялык жугуштуу дарт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости