www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Кыргызстанда бажы тармагында буга чейин түзүлгөн коррупциялык схема жоюлганын, бирок анын элементтери дагы деле бар экенин билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, бул тууралуу ал 6-декабрда Бишкекте Бажы кызматынын 2023-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Мурункудай бир үй-бүлөгө байланган кландык схема жок. Бирок элементтери бар. Аларга каршы күрөш жүрүп жатат. Себеби, биз алардын жанында дайыма эле жүрө албайт экенбиз. Берилген арыздар менен билинип калган фактылар бар”, - деди Самат Исабеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости