www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында өлкөдө бир топ өзгөрүүлөр болорун билдирди. Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейет. Ушундай калп болобу, же төөнүн куйругу жерге тийгенде Бишкек шаарынын аянты үч эсеге кеңейеби? Бишкек эки эсеге кеңейгенде эле дагы бир Бишкектин аянты керек, элестетип көрүңүздөр да бир Бишкек эмес, үч эсе көбөйтөм деп турат.
Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар. Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. 1 миллиондон ашык калк жашайт.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 18-октябрда “Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлыктын негизинде облустарда айыл-аймактарды ирилештирүү иштери жүрүп жатат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg