www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажыны бажарган Кулматов кайра келеби?

Кубанычбек Кулматов тууралуу унутуп баратабыз. Кыргыз бажысына эң биринчи кол салган ушул жигит. Бул жигиттин Бажы башчысына чейин келгени  өзүнчө жомок.2010-жылы мындай жакшы кызмат үчүн экономика саясатын тейлеп турган Темир Сариевдин терең аракети болгон. Убактылуу өкмөттүн экономикалык жактан вице –премьери Темир Аргенбаевичтин жасаган аракеттери ишке ашпай калат. Себеби андан да бийик турган  мамлекетти чаңдатып, турган Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьери Алмазбек Шаршеновичтин көзү Бажы башчысына сайылып, трайбалисттик сезимдери ойноп кетет да, жердеши Москвада анча-мынча болсо да Кремлге таасири бар, Кулматовдун уулун алып келүүнү чечет.

Кулматов Кеңеш илгери Усубалиев, Масалиевке окшогон эл мыктылары менен бийлик талашып, кубаланып  Москвада жүргөн. Бир кездеги КПСС БКнын Башкы секретары  Михаил Горбачев менен жубайы тааныштыгынан улам бул Кремлде өз саясатын орноткусу келген. Кеңеш Кулматов өзү чоң бийликке асылгысы келгенсип Прокурор жубайы Токтоктогул Бостоновдордун коррупциялык мафиясын колдоп, биринчилерден прокурор болуп туруп коррупция башында турган. "Аккан арыктан суу агат” энеси кыргыз коррупциясынын башында туруп, Бишкектекги Ата-Түрк сейил багында мыйзамсыз жерлерди ээлеп алган Кубанычбек Кулматовду бажы башына алып келген Атамбаев болгон. Бирок, аларга каршы Азимбек Бекназаров чыкканы бар. Анын телефондогу сөзү ошол бойдон калса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости