www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров кабмин болор менен өз кызыкчылыгын көздөп Бажыга жакыны  Кубанычбековду алып келген. Бирок ал 3 ай болбой жатып коррупция менен кармалып ордуна кайрадан мурунку жетекчиси Самат Исабековду дайындоого аргасыз болду. Акыркы мезгилде Акылбек Жапаровдун кадрларыннын кылып жаткан иштери аны мүдүрүлтпөс бекен? Бардык жерде аны уят кылып коррупцияга чалдыга башташты.Октябрь айында кабминди жетектөөгө келген Акылбек Жапаров жакынын дайындоо үчүн Самат Исабековду бошоткон.Бажы билерманын 2021-жылдын 26-октябрында көчөдө жүргөн жеринен жеке менчик сектордон Бажыга Акылбек Жапаров алып келген.  Үч айга жетпеген учурда коррупция менен колго түшкөн Кубанычбеков бажы чыгымдарын 2,5 эсе көтөрөм деп салтанаттуу убадасын берген. Бирок кулкуну куураган Кубанычбековду УКМК колго түшүрдү. Анын кармалышы бийликтин бийик эшалонунда орун талашып, күрөш жүрүп жатканын билдирет.

УКМКнын айтуусунда бажы кызматында масштабдуу  коррупция орун алган.  Бажы кызматы импорт товарлар менен алек болушкан жеке менчик ишканаларды колдоп келген. Бажы кызматынын жетекчиси өзү да жеке менчик ишканаларды башкаргандыктан 70гектар жерди ээлеген «Индустриал Парк «Силк Вэйди»» битр тууганына каттатып койот. 2018-жылы ал кездеги премьер Абылгазиев ачылышында капсула койгон. Кытайлдык инвестор Люенен Адилет Кубанычбеков 2021-жылдын 7-июнунда 20 млн долларга инвестициялык келишим түзүшкөн.

 «Индустриал Парк «Силк Вэй»» кыргыз-кытай чекарасында логтстикалык борборду курууга далалат кылган, бирок жергиликтүү элдин каршылыгы менен токтоп калган.

Кубанычбеков  «Силк Вей Терминал» ЖЧКсынын жетекчиси. Ал кытайдан кедаткан жүктөрдү көзөмөлдөйт. Компания «Силк Вей Терминал» үч ишкананын уюштуруучусу: «Совместное предприятие «Место таможенного оформления «Юг», «Совместное предприятие «Место таможенного оформления «Север», «Совместное предприятие «Таможенная инфраструктура».  Булар бүт 2021 –жылдын 13 августунда каттооодон өткөн.

«Май кармаган бармагын жалай турган» Кубанычбеков Адилет бармагын жаламак түгүл майды кошо шыпкап ичип койот. «Биттен ичеги чубап, бүргөдөн жүн кырккан» бул чириген байды Бажыга алып баруунун кандай сырлары бар? «Амин Инвест», «Индустриал Парк «Силк Вэй» деген ишканалары менен кыргыз элин талап тоногон мындай көпөстөрдүн орду Бажыны башкаруу эмес же быжыны жеш эмес, мунун орду башка жакта болчу. Бирок, Минкабдын жаңы жетекчиси Акылбек Жапаровдун колдоосу менен  2021-жылдын 26-октябрында бажыга башчы болуп барган. Аны бүгүн  Бажыга барып отургузам деп желдей сызып Жапаров жүрөт. Үч ай өтө элек жатып коррупация менген колго түшүп акактап отурат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости