www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жана мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кошумча макулдашуу кайтарымсыз жардам программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Кошумча макулдашууда аталган алкактык макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык «KOICA» өкүлчүлүгүнүн, персоналынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн негизги артыкчылыктары жана иммунитеттери жазылган.

Кошумча макулдашуунун текстине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети «KOIСА'нын» өкүлдөрүнө жана кызматкерлерине атайын эл аралык артыкчылыктар жана иммунитеттер статусун берүү жана бардык мамлекеттик уюмдар менен кызматташууну камсыз кылуу үчүн аккредитациялык картаны берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости