www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы Салык кодекси ишкерлерди, соодагерлерди чочутуп жатат», - деди бүгүн, 21-январда NazarNews маалымат агенттигине көз канандысыз журналист Айданбек Акматов.

- Айданбек агай, жаңы Салык кодексине президент кол койду. Ал  кодекстин зыяны аз, пайдасы көп болот деп ишенсек болобу?

- Жаңы Салык кодекси ишкерлерди, соодагерлерди чочутуп жатат. Акылбек Жапаров дал ушуларды кысып, сыгып салык топтоймун деп жатат. Эл салыкчы же башка бир мамлекеттик кызматкер, органга отчёт берип, коррупцияга кириптер болгусу келбейт. Албетте, салык төлөнүш керек. Бирок татаалданбай жөнөкөйлөштүрүлүш керек деп ойлоймун.

- Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү суракка чакырылып баштады.  2010-жылдагы кандуу окуяга оппоненттердин оозун жабуу үчүн кайрылып жатабызбы же күнөөлүүлөрдү табууну максат кылып жатабызбы?

- Алар эмне максатта чакырылып жатат? Акыйкатка жетүү, күнөөлүүлөрдү табуубу же саясий оппоненттердин оозун жабуубу? Мен ушул жагын ойлоп көрүп, экинчиси жагы көбүрөөк деген жыйынтыкка келип турам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости