www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Газиантеп провинциясында калың кар жаады. Мындай көрүнүш акыркы 54 жылдан бери болгон эмес, деп жарыялашты жалпыга маалымдоо каражаттары.

«Milliyet» гезитинин маалыматы боюнча, кардын калыңдыгы 0,5 м - 1 м чейин жетет. Кар жергиликтүү жана шаарларды бириктирген, жүк ташылуучу жолдорду тосуп калды. Айдоочулар суткадан бери жолдун ачылышын күтүп турушат.

Түркиянын Коргоо министрлиги кар калың аймактан элди эвакуациялоо иштери үчүн 2 аскер учагын жөнөткөнү белгилүү болду. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, жергиликтүү бийлик тарабынан атайын даярдыктагы 900 транспорт кызматка чыкканы белгилүү болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, алыскы аймактардан 3 миңдей киши, кар алдынан 2 миңдей автоунаа чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости