www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан өткөн жылдан тартып Россияга күмүш сата баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Былтыр январь-ноябрь айларында Кыргызстан 3 миллион 275,7 миң долларга 3 тонна 705,7 килограмм күмүш экспорттогон. 2020-жылдын ушул эле мезгилинде дээрлик 11,2 тонна баалуу металл сатылган болчу.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын январынан тарта күмүштү Швейцария гана алып турган, жайында сатуу токтоп калган. Ал эми сентябрда Россия тарапка алгачкы жолу 45 килограмм, октябрда 25,6 килограмм, ноябрда 400 килограмм сатылган.
Эгер Статкомдун 2018-жылдан берки маалыматтарын карай турган болсок, Россия былтыр күздө гана Кыргызстандын күмүшүн сатып ала баштаган. Андан мурунку жылдарга карата статистиканы табууга мүмкүн болгон жок.
Булак: NazarNews.kg