www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип, күтүлүп жаткандай Кулматовдун “кулкуну” тыйылгандай болду. Тагыраак айтканда, кызматынан алынып, экстердин катарына кетти. Жоопко тартылабы, тартылбайбы, ал экинчи маселе. Ал эми анын ордуна коомчулукка белгисиз болуп келген 47 жаштагы Алмазбек Оңолбеков деген дайындалды. Ал 1993- жылдан бери Бажы тармагында жөнөкөй инспекторлук кызматтан бөлүм башчылыкка чейин иштеген. Тергөөчү да болгон.

Бирок Бажы тармагында башкармалыкты жетектебеген , же орун басарлык кызматты аркалабаган Оңолбеков элди таң калтырып төрагалык кызматка секирик жасады. Аны бул кызматка кимдер, кандай жол менен алып келгени тууралуу так маалымат жок.

Айрым маалыматтарда аны 7-апрель окуясына түздөн-түз күнөөлүү болгондордун соттук ишин карап, акырында алардын бир тобун сырдуу жагдайлар менен актап жиберген Дамирбек Оңолбеков деген судьянын бир тууганы дешүүдө.

Андай мамлекеттик кызыкчылыкты уруп ойнобогон адамдын бир тууганы деги эле мамлекеттик кызыкчылыкты эске алабы? Жээнбеков бул жерден жанылып калган жокпу? Деги жакшы иштеп берсе болду...

Булак: "Багыт.кж"

Последние новости