www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бечел депутаттар жетекке оңой алынат

Минтип айтууга себептер толтура. Маселен, шылуун эксперттер кайдан пайда болду? И-ии дал ошол депутаттар бечел болгондуктан аларды алдына салып оңой эле айдап алганы калппы? Эгерде парламенттеги эл өкүлүмүн деп көкүрөгүн койгулагандардын акылы, сабаты жетиштүү болсо миллиондогон евролорду тигилерге жедирбей эле өзүлөрү мыйзамды токуп элге жарыя кылмак да? Тилекке каршы араң жан депутаттардын дымагы жоктугунан алаканын ысыткан эксперттер ак үйдү байырлап алып, парламенттегилердин башынан матек алып жатышпайбы карсылдатып.

Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, депутаттардын абийирин айрандай төктүргөн “түкүрүк” мыйзамына 13 миллион евро садага чабылганын урматтуу өкмөт башчынын орун басары Жеңиш Разаков шардана кылып жиберип балээге кабылып жатышпайбы, чиркин. Мындай капсалаңга каларын туйганда былк этпей отура бермек чиновник. Алдырар күнү жаздырар болуп тилине “тибиртке” чыгып кеткенин кийин баамдап калбадыбы, кокуй. Чамасы жыт сезгич эксперттер укмуш мыйзамды камырдай жуурудук деп тыңсынып калганда ошол ысык илебине Рыскелди Момбеков суу сеппедиби. Тикчиңдеп жаткан эксперттерди бир эле түкүрүк деген эмне деген суроо бырбыйтып салды го? Көрсө асмандатып токулган мыйзамдын баары бир жели чыгарын дагы бир ирет баамдадык, туурабы? Ал эми шамалга сапырылган кайран евролордун убалына ким каларын кыйындар өздөрү чечмелеп алсын зарылдыгы болсо.

Эксперт демекчи, кайсыл бийлик келбесин анын кеңешчилери кайдагы бир эксперттерди ак үйгө чакыра коюшканынын себеби эмнеде? Болгону ошолордун эсебинен жемсөөсүн толтурууга аракет кылган орто звенодогу билермандар бар. Шайтандын чоңунан кичинеси жаман коркунучтуу дегендей так ошолор ортодон акча өөнөп алмайды мыкты өздөштүрүшкөн. Чет өлкөлүк эксперттерди ашыкча эркелетүүгө, жеңил-желпи эмгегине акы төлөп берүүгө жолду ошол эпчил чиновниктер салып берүүгө куштар. Жарым жыл шапар тээп жүргөн эксперттерге 170 миң доллар акы төлөп бергени боюнча уламыш кеп чыкканын эмнеге танмак элек? Ага окшогондорду каза беришсе далайлардын кулагы чыгаарына шектенүүгө деле болбой калды.

Айтор, кызыктардын куйругун кармап эле атагыбыз далай жерге жетип жатат. Мына эми шайлоо дегендин мурду босогодон көрүнүп калды. Демек, дагы далай кытыгылуу окуялардын күбөсү болорубуз айкын. Капчыгында жашылбайлары ойноп турган көпөс саясатчылар эмитен “саякаттарын” каякка чейин жасаары боюнча пландарын бышырып жаткан убагы. Керек болсо Америкага, Минскиге, Туркияга, Москвага, Кипрге, Канар аралдарына чейин колубуз жетет деп оолуккандар арабызда эле жүрөт карт кекирип. Баары эле желке чачын зиркилдетишет десең бийликти алабыз деп. Деги аман калгай элек…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости