www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин казынасы бош калганынан калдырагандан башка үн чыкпайт деген сөздү министрлер, губернаторлор, акимдер, жадагенде айыл өкмөттөрү да кайталоодон тажашпайт. Алардын оозунан жок дегенден башка сөз чыкпайт. Ошону укканда ошондон ары жоголуп кетпейсиңби, — ​деп наалыгандар көп болот.

Эмне үчүн өкмөттүн заты эч убакта атына шайкеш келбейт деген суроонун жообу даяр. Анткени бийликтин бутагына конуп алгандар элдин ырыскысына кол салгандан өлө “кайф” кармашат. Мунун жасалмасы жок. Жерди сатышат, бала бакчаларды бирөөгө кармата беришет, базардагы орундарды соодалашат, кызматка коем деп пара алышат. Мындай мисалдарды санай берсең тилиң оозуңа батпай калат.

Баарынан да салыкчылардын жорук-жосундары тушап бүттү. Кайда барба, салыкчылардын эле койгон тузагына түшө бересиң. Тойканаң барбы, саунаң иштейби, унаа оңдоочу станцияң кыймылдайбы, тигүү цехиң буркулдайбы, ушунун баарына салыкчыга акча төлөйсүң. Качсаң да артыңан кубалап жүрүп жетип алып шыбагасын алып тынат. Бирок, ошонун жарымы да мамлекеттин казынасына түшөбү, кеп ошондо. Ири ишканаларда кош эсеп-чот бар экенин бешинчи класстын баласы да билет. Муну салыкчылар өздөрү эпчилдик менен “кардарларына” схема кылып түзүп беришкен. Ошондуктан миллиондогон акчалар казынадан кыйгап өтүп шылуундардын курсагын тойгузууга кирип кетет. Мына ушундай “кыйыр кеткен” жолдорго капкан коюп, элдин акчасын элге жеткирүүгө мезгил бышып жетилди. Алгач райондук деңгээлде чабуулду баштап, анан борбор тараптын “дубалдарын” соккуга алуу кажет. Күлүк иттей болуп жилбиңдеген салыкчылардын жилигин чакмайынча мамлекеттин казынасы какыраган бойдон какшып тура берет.

Карала-торала болуп бышырган нанын саткандарды эмес, күлтүңдөп басалбай калган күркүлдөрдү башын ылдый каратып силксеңер олжого батасыңар, салыкчылар! Бирок, өкмөттүн да “долясын” эсиңерден чыгарбагыла, макулбу?

Салыкчылар “солго” баспаса эле казына толот

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости