www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кызмат деген колдун кири”- деген сөздүн аныгы кандай экенине мээбизди чиритпей эле коелучу, мейлиби? Бирок, чоң кызматтын даамы башкача болорун эмнеден билсек болот? А-аа так ошондой, балдай ширин экенин кызматты талашкандан улам жеңил эле билүү мүмкүнчүлүгүбар. Керек болсо кызмат талашуудан эрлер чокушмак түгүл, муш кезегенге чейин барышаары турган иш. Аттан түшкүсү келбегендер болсо биротоло кызмат “оорусу” менен сыркоолоп калышканы ырас.
Жакындан бери өкмөт башчынын ордуна келе турган талапкерлердин тизмесин чубалтышып, кайрымакты салгандар билмексен болуп абайлап карап турушкан кези. Чү дегенде эле бул олбурлуу кызматка Темир Сариевди, Иса Өмүркуловду, Бакыт Төрөбаевди, Адахан Мадумаровду кудалап жиберишти. Кудалар замат тизмедегилердин баарын эле “төпөштөгүсү” келгендер айгайлап чыгышты. Ал тургай Темир Сариевди “карт карышкыр” Дастан Срыгулов “эрөөлгө” чакырып жиберди. Ал эми Адахан Мадумаровдун болсо эзелки “тасмаларын” ойт бердиртишип сулата чабууга аракеттенгендер жарала калды. Тигил Төрөбаевдин бул кызматка шаасы жетпейт дегендер четтен чыгат. Исаны болсо көлөкөсүнөн корккон киши катары сыпаттагандар жайнап кетти. Эмнеси болсо да бул талапкерлер “таландыга” кептелди. Анда жаңы талапкерлерди тизмелейли, кыйындар. Антсе да баары бир өкмөт башчыны мамлекеттеги биринчи киши тандаарына, депутаттар көгөнгө байланган кулундарга окшоп туруп берерине не дейбиз? Эч нерсе…
Булак: "Ачык сөз"