www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-февралда Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин Бээжинде жолукту.

Жолугушуу Кытайдын борборунда өтчү Кышкы олимпиаданын ачылышына бир нече саат калганда болду.

“Мамлекет демократиялык болуп саналабы, же жокпу, ага анын эли гана баа бере алат. Маданияты жана тарыхый мурасы бай дүйнөлүк держава болуп саналган Орусия жана Кытай демократиялык терең салт-санаага ээ. Ал миңдеген жылдар бою өнүгүү тажрыйбасына, калың элдин колдоосуна жана калктын кызыкчылыгын эске алууга негизделген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Сүйлөшүүнүн соңунда эл аралык мамилелерге байланыштуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда АКШ жана Батыштын сыны камтылды.

маалым болгондой, Путин менен Цзиньпиндин пандемия башталгандан берки жүзмө-жүз көрүшүүсү.

Белгилей кетчү жагдай, Бээжиндеги Кышкы олимп оюндары 4-февралда ачылат. Ага Путин катышары күтүлүп жатат. Орус спортчулары анда Орусиянын атынан эмес, өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин желеги менен чыгат. АКШ жана башка бир нече өлкөлөр Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости