www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара "Куш уясы" деп аталган Пекиндин улуттук стадионунда өттү.
"Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар колдонулган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Спортчулардын парадына Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкө желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады",— деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкө башчы коңшу мамлекетке иш сапары менен кеткен. Анда Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Эми КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg