www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Россияны санкция салуу боюнча эскертти

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Россия Украинага кире турган болсо АКШ тарабынан оор санкцияларга дуушар болорун кайталады.

Россиянын бул санкцияларынын таасирин азайтуу үчүн Кытай менен жакын карым-катнаш курууга аракет  кылгандыгына байланыштуу бир суроого жооп берген Прайс Украинага кол салуунун бир гана бул өлкө жана Европа үчүн эле эмес, Кытай менен бирге аймактын тышындагы өлкөлөргө да таасири болорун айтты.

Прайс АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин кытайлык кесиптеши Ван И менен болгон сүйлөшүүсүндө Россиянын агрессиясынан улам глобалдык коопсуздук жана экономикалык тобокелчиликтердин өтө чоң болоорун айтканын белгилеп, Кытайдын да андан таасирлене турганын эске салды.

Бул кол салуу Россияга абдан оор экономикалык чыгым алып келерин баса белгилеген Прайс : «Россия Кытай менен дагы жакын карым-катнаш куруу менен бул жыйынтыктардын бир бөлүгүн жеңилдете турган абалда болорун ойлоп жаткан болсо, абал андай эмес. Негизинен орус экономикасын  бир топ жактан алсыратат. Мисалы негизги технологиялардын негизги булактары батыштан келүүдө. Өздөрүн батыш менен келишим түзүү, батыш менен Европадан, АКШдан импорттоо мүмкүнчүлүгүнөн алыстатышат. Өндүрүштүк потенциалын жана инновациялык потенциалын бир топ төмөндөтөт», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости