www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө жашылдандыруу жагына баа берилип, өзгөчө мамиле жасап, жаратылышты сактап калуу аракетин көрүүдө. Кыргызстанда жаратылыш жана бак-дарактар өзгөчө бийликтегилердин психологиясынан ажырап калган. Облус, район, шаарлар көзөмөлдөн чыгып, мамлекеттик деңгээлде иш-чара болбогондуктан, бак-дарактар кароосуз калды.
Өзгөчө Кыргызстандын борбору Бишкектин жашылдандыруу жагы мышык ыйлагандай, тездик менен куурап, бак-дарактары жок, токол шаарга айланып калдык. Жоопкерчилик, намыс кайда? Шаардын тездик менен куурап жок болуп баратканы зээнди кейитет. Президент, өкмөт, парламентке кайрылсаң, кызыкпайт, мэрге жөнөтөт, мэр жооп бербейт.
Вице-мэр ойду-тоону айтып, кат жүзүндө мактанып жооп берет. Бактардын тилин билген адамды учурда ит менен издеп таппайсың. Союз убагында “Зеленхоздо” көчөт өстүрүү боюнча 700 гектар жерде питомник болгон. Келген шаар мэрлери чекеси тердегенче сатып отуруп, болгону 42 гектар жери калды. Көчөт өстүрүү завпитомник штатын жоюп салышкан. Көчөттөрдү ар кайсы колдон, чет элден алган – кирешелүү вариант.
Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин жазда миллионго жакын бак-дарактар отургузулат, жылда куурап калат. Шаардын билинбеген мыйзамы боюнча арпа, буудай сыяктуу көчөттөр жылда куурап турууга милдетүү. Илгерки союз убагындагыдай алдыңкы орунда турган Фрунзе шаары жок. Отуз жыл аралыгында Бишкек шаар бийлиги элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон жок. Шарият мыйзамы чын болсо, сурагы, кезеги жок эле мэрлер түптүз тозокко барчу адамдар болот экен. Бишкекте бак-дарактар оорукчан, сапатын жоготкон, өздөрүнүн формасын араң кармап турат. Бак-дарактардын адам жана айлана-чөйрөгө кылган кызматы жогору.
Бир дарак бир жылда 700 кг кычкылтек бөлүп чыгарат, 100 миң куб абаны фильтрлейт жана 80 кг зыяндуу затты тазалайт. Бишкек шаарын жашылдандыруу – чоң илим жана маданият, элдин куту, ырыскысы жана ден соолугу. Парктарды жана шаарда өскөн бак-дарактарды көркөмдүү, кооз, адам суктангыдай, азыркы замандын талабына ылайык өзгөртсө болот, бирок Бишкек шаарынын бийликтеги “шабашниктери” буга жол беришпейт.
Бул чындык. “Шабашниктер” кимдер? Мэр, вице-мэр, “Зеленхоздун” жетекчиси, оңбогондой жаз, күз “көчөт шабашкасын” жасап турушат. Муну элдин баары билет, бирок бийлик унчукпайт. Бул эгемендүүлүктөн кийин калыптанып калган система. Тендерге ылайык көпчүлүк көчөттөр 30 жылдан бери Өзбекстандан келет. Аяктын климатында өскөн бак-дарактар биздин климат, шартка такыр туура келбейт. Бизде 18-20 см калемче (черенка) 1-1,5 метр өссө, аларда 2-2,5 метр өсөт.
Борбордун Чүй көчөсүндө жана башка көчөлөрүндө буту сынган адамдай шакшак коюп, жыгачтар менен кармалып турат, ысык жерде ылдам өскөн бактар биздин шартка такыр туура келбейт. Бийиктиги камыштай 3-7 метрге чейин көчөттөр отургузулат. Токойчулардын тили менен айтканда, мындай көчөттөр отургузганга жараксыз деп эсептешет. Өзбекстандан өтө арзан көчөттөр Кыргызстанга келгенде импорт баада оформить этилет да, 1-2 жылда куурап жок болот. Учурда Өзбекстандын көчөттөрү Кыргызстандын баардык облустарына жетип, арааны жүрүп атат. “Зеленхоз” мэриянын менчиги болгондуктан, жаз, күз ревизия, обход болбойт. Комиссия түзүлүп (инвентаризация), көчөттөрдүн өсүп турганы, кургап калганы канча? Бишкекте бак-дарактар жакынкы аралыкта жок болуп кете турган негиз жана коркунуч бар.
Эң негизги жоопкер эгемендүүлүк алган жылдардан кийинки президент, өкмөт, парламент, Бишкек шаар бийлиги, Бишкек шаар кеңеши көрүп-билип туруп, чечкиндүү жыйынтык чыгарган жок. Шаарга отургуза турган көчөттөрдүн стандарт эрежеси такыр башка. Жылда жакшы ниет менен көчөт отургузат, бирок куурап калат. Буга мамлекеттик көзөмөл болуш керек. Айта берсе сөз көп. Кыргызстанда гектарлаган жерге жемиш бактарды отургуза баштадык. Ууру, кылмышкер, коррупционер бутактар менен күрөшүп, эрежесине ылайык жок кылып туруш керек, жапайы болуп келечеги жок болот, болбосо отургузуп кереги жок. Токойду министерлик кылып, экология токойдун алдына иш алып барса калыстык болмок.
Токойду айыл чарбасынын алдына кошкону “49 жылга бөлүп-бөлүп сат” деген кеп. Айыл чарбасында жерин сатып, түбүнө жеткен такшалган “мастер” адистер толтура. Ошондуктан Кыргызстан бүтүндүгүн, келечегин ойлоп, токойду улутташтырышыбыз керек. Токой сатылып кетсе мамлекет жок болот. Сатып алган адам токойго элди киргизбейт, өз билгенин кылат, токой өзүнө эмес, баласына буюрарын Кудай өзү билет. Глобалдык климаттын өзгөрүшүнө, табигый кырсыктардын күч алышына адамдардын залакасы бар.
Жаратылышты бузуп, бакдарактарды кыйып, суу чыгарбай кууратып, айбанча мамиле кылабыз. Атмосферага углеводдуу газдардын чыгуусун азайтуу жөнүндөгү 2016-жылы 22-апрелдеги Париж макулдашуусунун материалдарында, экологиялык коопсуздук боюнча КРнын 1997- 2007-жылдардагы концепцияларында көп милдеттер белгиленген. Бирок, ырасын айтсак, алардын баары кагаздарда гана калууда, көңүл бурган эч ким жок. Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизге кайрылып жооп алуу кыйын, кокустан окуп каласызбы (?) деп кайрылып жатам.
Өзүбүздү сыйлабаган эл болдук, табиятка өчөшкөндөй мамиле жасаганыбызды Кудай кечирбейт го. Аалам жандуу, бак-дарактар дүйнөсү тирүү организм, ээси бар, тилеги, каргышы күчтүү болот. Ошондуктан абайлап мамиле кылсак. Бишкек шаарында былтыркы отургузган “жив-изгород” шаар боюнча такыр куурап жок болгон, быйыл кайра отургуза баштады. Мамлекет тараптан ревизия, обход жасап, жылда куураган көчөттөрдүн ордун мамлекетке кайтарыш керек. Мэрия көчөттү бетке кармап, соодалашкан системаны токтотпосоңуз, жашыл климат болбойт.
Булак: Азия News гезити