www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режеп Тайып Эрдоган Батышты эмнеге күнөөлөдү?

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш орус-украин мамилесин жөнгө салуу үчүн азырынча эч нерсе кыла электигин билдирди.

«Бул жолу мен муну абдан ачык жана так айтуума туура келип жатат. Эгер бул процесске көңүл бурсак, анда тилекке каршы, Батыш бул маселени чечүү үчүн эч нерсе кылган жок», - деди түрк лидери.

Белгилей кетчү жагдай, акыркы айларда Орусия менен Батыштын мамилеси улам катаалдашып бара жатат. Батыш өлкөлөрү Москваны Украинага "кол салууга" даярданып жатат деп күнөөлөп, Чыгыш Европада аскерин да, курал-жарагын да көбөйтүп, санкциялар күчөтүлөрүн айтып коркутууда. Орусия бардык айыптоолорду четке кагып, Киев Минск макулдашуусун аткарбай, чек ара линиясына өздүк курамдын жарымын алып келип, тыюу салынган куралдан ок чыгарып жатканын эске салып келет.

Москва "агрессия тууралуу" маалыматтардын максаты Орусиянын чек араларында чет элдик группировкаларды күчтөнтүү экенин бир нече ирет айткан. Кремль дагы, ТИМ дагы Украинадагы эскалациянын негизги себеби — аймакка аскердик инструкторлорун, курал-жарак, техника жөнөткөн, машыгууларды көбөйткөн АКШ менен НАТОнун аракети экенин белгилеген. Мындай кадамдары менен алар Киевди аскерий авантюраларга түртүп жатышканы далай ирет айтылган.

Эске салсак, былтыркы жылдын соңунда Москва Брюссель менен Вашингтонго коопсуздук кепилдиги тууралуу документтердин долбоорун жөнөткөн. Кремль блоктун постсоветтик өлкөлөр менен аскерий кызматташуусун токтотууну, алардын аймагында база жайгаштырбоону, РФ чек арасына жакын жерде сокку уруучу каражаттарды орнотуу аракеттерин чектөөнү, Европадан америкалык өзөктүк куралды чыгарууну жана НАТОну чыгышты карай кеңейтпөөнү талап кылып келет. 27-январь күнү Орусия кат түрүндө жооп алды. ТИМ батыштык өнөктөштөр Орусия үчүн орчундуу мааниге ээ болгон альянсты кеңейтпөө жөнүндөгү талап көз жаздымда калганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости