www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Рак илдетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган конференциянын жүрүшүндө, Улуттук онкология жана гематология борборун каржылоону көбөйтүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

Анын айтымында, бул учурда онкологиялык ооруларга кабылгандар үчүн дарынын бир ампуласынын эле баасы 25 миң сомдун тегерегинде турары менен байланыштуу.

«Буга байланыштуу мен депутаттарга каржылоону 130 млн сомдон 160 млн сомго көтөрүүнү суранып кайрылдым», - деди ал.

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиеванын маалыматына ылайык, бюджеттик каражаттардын жетишсиз каржылануусу бейтаптарды дары-дармек менен, анын ичинде химиотерапиялык препараттар менен камсыздоонун убактылуу үзгүлтүккө учурашына алып келет.

«Демек, борбордун үзгүлтүксүз иштеши үчүн 1,4 млрд сомдон 2,5 млрд сомго чейин каражат керектелет, бирок бүгүнкү күндө болгону 270 млн сом бөлүнүүдө, алар кызматкерлердин эмгек акысын жана коммуналдык кызматтарды жабат», - деп кошумчалады борбордун директору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости