www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Эгер Атамбаев жоопко тартылса кайсыл иштер үчүн жооп бериши керек?
-Акыркы 7 жылдагы кризистердин баарына Атамбаев күнөөлүү. Азыр айыпталып камалып жатышкан коррупционерлер Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов жана башкалар Атамбаевдин көрсөтмөсү жок бир ишти жасаса аларды Атамбаев өзү ошондо эле камап салмак. Баардык иштердин түрмөгүн жандырса аягы Атамбаевдин мультимиллиондорунан келип чыгат. Атамбаевге айып тагам десе ондогон айыптар калкып чыгып турат. Бийликте турган 7 жылда эмнени гана жасабады? Бюджетти каалагандай чачты, тоо кендерин каалагандай сатты, мамлекеттик тендерлерди анын оң колдору коррупциялык жолдор менен өткөрүштү. Жер-Үй алтын кенинде 4 миллиард доллардык алтын болсо каалоочулар жок болуп жатат деп будамайлап, аны орусиялык чечендерге 100 миллион долларга саттык деп каттап коюшту. Албетте ал кымбатка сатылды. Андан да кызыгы эми Жер-Үйдө Кыргызстандын 1% да энчисин калтырбай, орусиялыктарга 100% каттап салышты. Мындай мыйзам бузуулардын ондогонун атаса болот. Бирок майнап чыгабы? Ошол эле Жер-Үйдөн түшкөн 100 миллион долларга Атамбаев 100 мектеп салып жатам деп мактанган. Азыр текшергилечи, 100 мектеп салынды бекен?
-Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн саясый куугунтукка кабылгандарды бошотууну ойлоно элек?
-Эми мен так билбейм, аны өзүнөн сураш керек. Менин оюмча президент өзү бошотпош керек. Эгер жаңы келген президент өзүнөн мурунку президент камагандарды бошото берсе анда азыр Жээнбеков камап жаткан Жантөрө, Сапарларды кийинки президенттен бошот деп талап кылып чыгабызбы? Президент күнөөсүз айыпталгандарды бошото турган, актай турган системаны куруш керек. Бул үчүн бир аз убакыт керек болсо керек.
-Президенттин Россияга өз самолёту эмес эл менен кошо учканы боюнча кандай комментарий бересиз? Ал бул аракети менен чыгымды азайтайын деп жатабы же арзан кадыр барк күтөйүн деп жатабы?
-Бул эң жакшы жөрөлгө, Муну баарыбыз жапа-тырмак колдоп, алкап турушубуз керек. Анткени президенттик самолеттун бир учуп-барып келиши эле бюджеттен 100 миң доллардын башын жейт. Атамбаевден айрымаланып Жээнбеков жан сакчыларын азайтты, жолду бууганын азайтты, катардагы каттам менен уча баштады. Мен ойлойм 2019-жылдагы бюджетке президенттин иш башкармалыгы резиденциядагы арак-шарапка, ойноп-күлмөйгө, командировкаларга да акчаны атамбаевчилерге окшоп миллиондоп киргизбей азайтат го деп.
-Атамбаев бийликтен кеткени эмне өзгөрдү?
-Атамбаев бийликтен кеткени коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрө баштады. Атамбаев өзүнүн оппоненттерин каматып, коркутуп, анан кийин чыгарып жиберчи. Айрым бизнесмендерди “обезжиривать” этишчү да кайра чыгарып жиберишчү. Сөз эркиндиги мурунку калыбына келе баштады. Айтор сезилерлик өзгөрүүлөр башталды.
-Атамбаевдин дагы кайсыл кадрлары көз жаздымда калбай жоопко тартылышы керек?
-Атамбаевдин бардык кадрларын текшериш керек, бир соосу жок. Айрыкча КСДПчылардын кимисине кылмыш иши ачылып, кийин Атамбаевдин тымызын амири менен жабылып калгандарын көтөрүшсө жакшы болмок.
-Сооронбай Жээнбеков эмнени эске алышы керек?
-Сооронбай Жээнбеков өтө этият болушу керек. Анткени анын колунда бир мамлекеттин тагдыры, келечеги турат. Душмандары акыркы 7 жылда эбегейсиз байып, акчанын үстүндө олтурушат. Кыргызстанда шайлоонун тагдырын акча эле чечип койгон сыяктуу төңкөрүштүн тагдырын да акча эле чечет. Азыр камап жаткан жана камала турган коррупционерлердин колунда эбегейсиз чоң байлык бар. Ошондуктан өзүнүн жана мамлекеттин коопсуздугуна өтө маани бериш керек. Тезинен экономиканы бутуна тургуза турган команданы түзүшү зарыл. Антпесе азыр эл аны коррупция менен болгон чечкиндүү күрөшү үчүн колдоп жатат, эртең эле экономика боюнча талаптар чыга баштайт.
-Депутаттар Исаков алып келген отчетту жактырышпай ошол эле отчётту Абулгазиев алып келсе колдоп беришти го, буга не дейсиз?
-Жок, андай болгон жок, 2017-жылга премьердин отчетун Абылгазиев эле алып келди. Ал өкмөттө Абылгазиев 8 ай вице-премьер болуп иштеген. Сапар Исаков өзү Бишкек ТЭЦи боюнча актанып жатканда айткандай, 2017-жылы аягында премьер-министр болуп келген. Отчеттук мезгилде 3-4 ай эле иштеген. Анын үстүнө Сапар Исаковду иштеген иши боюнча эмес, иштеп жүрүп тымызын уурдаганы үчүн жоопкерчиликке тартып жатышат. Адам жакшы иштемиш болуп жүрүп, анан тымызын уурдаса камабай коюш керекпи? Ким уурдаса ал ким экенине карабай камайм дебеди беле Жээнбеков. Мамлекеттик кызматка бардыңбы, таза иште. Уурдасаң камаласын деген принцип орношу керек бизде.
Маектешкен Чынайым Кутманалиева
Булак: Майдан